Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Косоводо парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңди


Бийликте турган "Өз алдынча башкаруу" партиясынын лидери Альбин Курти. 10-февраль, 2025-жыл.
Бийликте турган "Өз алдынча башкаруу" партиясынын лидери Альбин Курти. 10-февраль, 2025-жыл.

Жарым-жартылай таанылган Косово Республикасындагы парламенттик шайлоодо бийликтеги "Өз алдынча башкаруу" партиясы жеңишке жеткени кабарланды. Эми партия коалиция түзүшү керек болот.

Дээрлик бардык добуштар саналгандан кийин премьер-министр Альбин Курти башында турган "Самоопределение" партиясы 41% добуш топтогону белгилүү болду. Оңчул борборчул оппозициялык "Косово Демократиялык партиясы" 22,4%, "Косово Демократиялык Лигасы" 17,6% добуш алды. Төртүнчү орунга "Косовонун келечеги үчүн альянсы" жайгашкан.

Шайлоого "Серб тизмеси" да катышып, ага этностук сербдер көп жашаган өлкөнүн түндүк аймактарынын тургундары добуш беришти. Партия болжол менен 4% алды. Бул партиянын мыйзам кепилдик берген 10 мандаты бар.

Косово парламентиндеги 120 орун шайлоонун жыйынтыгына жараша бөлүштүрүлөт. Алдын ала маалыматка караганда, "Өз алдынча башкаруу" партиясы 46 орунга ээ болуп, өкмөттүн курамын аныктоо үчүн өзүнүн негизги атаандаштарынын бири менен коалиция түзүшү керек.

Шайлоо өнөктүгү учурунда "Өз алдынча башкаруу" партиясынын лидери Альбин Курти эч ким менен коалиция түзбөй турганын айткан. Бирок ал шайлоодогу жеңишин жарыялап жатып, партия баштаган ишин улантарын билдирди.

Курти журналисттерге: "Биз кийинки өкмөттү түзө турган жеңүүчү партиябыз", - деп, бирок потенциалдуу өнөктөшү тууралуу айткан эмес.

Буга чейинки шайлоолордо аталган партия мандаттардын басымдуу бөлүгүнө ээ болуп, 10 орунду ээлеген азчылыктын өкүлдөрү түзгөн партиялар менен өкмөттү түзгөн.

Шайлоо өнөктүгү учурунда оппозиция Куртинин катаал саясий линиясына каршы чыгып, АКШ жана Евробиримдик менен алаканы бекемдөө үчүн Сербия менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо зарыл деп талап кылган.

Сербия мурдагы Косово провинциясына 1999-жылы көзөмөл кыла албай калган. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбайт.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92% албандар, 6% жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG