Ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголду
УКМК Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ырчыга AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, “улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган” деген кине коюулууда. Ырчы козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере элек. 9-январда казакстандык AIRAN YouTube каналы “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланган. Видеодо 19-кылымда жашаган казак ханы Кенесары тууралуу да кеп болгон.
MCN coin акчаны кайтарып берүүдө
MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери Данияр Закиров айтты. Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалган. Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган. Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.
Жалган жалаа мыйзамы иштей баштады
Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул мамлекеттин бюджетине түшөт. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде суроолорго жооп берип жатып айтты. Социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана анын соцтармактагы баракчаларында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам 10-февралда күчүнө кирди. Эми мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.
Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыкты
Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эч жакка чыкпоо тил каты менен 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотулду. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арызды атайын кызматтын тергөөчүсү берген. Биринчи май райондук соту Виталий Гергертти 2024-жылы 14-декабрда камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда. УКМК ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
БШКнын жетекчиси Шайлдабекова кетип, анын ордуна Шайназаров келди
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетти. 10-февралдагы БШКнын жыйынында анын арызы каралып, кабыл алынды. Шайлдабекова БШКнын мүчөсү катары жаңы жетекчиге талапкер көрсөтүү укугу бар экенин белгилеп, Тынчтык Шайназаровду көрсөттү. Шайназаровдун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өттү. Нуржан Шайлдабекова бул кызматка 2016-жылы шайланган. 2021-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы беш жылдан бери төрайым болуп келаткан Шайлдабекованы кайрадан жетекчи кылып шайлаган.
WSJ: Орусиянын абактарына украин туткундарын кыйноо тапшырмасы берилген
Бул тууралуу The Wall Street Journal жарыялаган иликтөөдө айтылат. Буга чейин туткунга түшкөн украин аскерлери кыйноого кабылганын БУУнун атайын миссиясы дагы жарыялаган. WSJ жазгандай, Федералдык жаза аткаруу кызматынын Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башчысы Игорь Потапенко мекеменин кызматкерлерине колго түшкөн туткундарга катаал мамиле жасоону буйруган. Иликтөөдө Потапенко украин аскерлерине зордук-зомбулукту чектебей колдонууну буйруп, абактардагы көзөмөл камералар алынып салынарын айтканы белгиленген. Ушундай көрсөтмөлөрдү башка аймактардын, анын ичинде Псковдун, Москванын, Бурятиянын абак кызматкерлери да алышканы жазылган. БУУнун Украинадагы адам укуктарынын абалына көз салган миссиясы былтыр август айынан бери Орусиянын туткунуна түшкөн украиналык 79 аскер сотсуз эле өмүрүнөн ажыратылганын каттаганын жарыялаган.
Кремль Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүн тастыктаган да, төгүндөгөн да жок
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Албетте, коммуникациялардын көптүгүнөн улам мен жеке өзүм бир нерсени билбей же кабарсыз болушум мүмкүн. Ошондуктан, мен бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайм», - деди Песков «Интерфакс» жана ТАСС басылмаларына берген комментарийинде. 8-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирген. Бирок ал качан болгонун тактаган эмес. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп бербеген.
"Крокус Сити Холлдогу" кол салуу боюнча тергөө аяктап калды, иш мартта сотко өтүшү мүмкүн
"Свобода" радиосу "Коммерсант" басылмасына шилтеме кылып жазгандай, 27 кишиге коюлган айып боюнча тергөө иштери өтө тездикте, бир жылга жетпей аяктады. 6-февралда ТАСС агенттигине айыпталуучулардын биринин жактоочусу Олег Власов тараптар иштин материалдары менен тааныша баштаганын билдирди. "Коммерсант" жазгандай, тергөө 27 айыпталуучу өздөрүнө түздөн-түз тиешеси бар материалдар менен гана таанышса болот деген чечим кабыл алган. Калган 100 тому менен толук таанышпайт. Бул чечим материалдар менен таанышуу жараянын кыскартуу аракети катары түшүндүрүлүп жатат. Март айында кылмыш иши Башкы прокуратурага бекитүү үчүн жиберилери күтүлүүдө. Теракттын бир жылдыгына, 22-мартка карата иш сотко өткөрүлүшү мүмкүн. Терактка байланышкан кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитети тергеди. Окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалган.
Шерине