Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бул тууралуу "Свобода" радиосу бир нече орусиялык басылмага шилтеме берип жазды.
«Бул кабар тууралуу эмне билдире алам, Вашингтондогу администрация өз ишин баштагандан бери ар кандай байланыш жолдору түзүлүүдө. Бул байланыш ар кандай каналдар аркылуу жүргүзүлүүдө. Албетте, коммуникациялардын көптүгүнөн улам мен жеке өзүм бир нерсени билбей же кабарсыз болушум мүмкүн. Ошондуктан, мен бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайм», - деди Песков «Интерфакс» жана ТАСС басылмаларына берген комментарийинде.
8-февралда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирген. Бирок ал качан болгонун тактаган эмес. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп бербеген.
Трамп бул маегинде Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу анын так планы бар экенин дагы кайталап, ал чукул ишке ашарына үмүттөнгөн. Ошондой эле Орусия менен Украинанын президенттеринин ысымдарын так атабастан "алар жолугушууну каалайт" деп билдирген.
Буга чейин Трамп келерки аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн экенин айткан.
АКШнын президенти Украинадагы согушту тез арада бүткөрүү үчүн Путин менен сүйлөшөрүн билдирип келет. Буга чейин Ак үй бул тема Орусия менен олуттуу талкууланганын, жакын арада согушту токтотууга байланыштуу "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин ырастаган. Ошол эле маалда Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан. (AiA)
Шерине