Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Сумыда Орусиянын дрон соккусунан көп кабаттуу үйлөр зыян тартты


Сумы.
Сумы.

9-февралга караган түнү Орусиянын армиясы "Шахед" дрондору менен Украинанын Сумы шаарына чабуул койду.

Сумынын вице-мэри Станислав Поляковдун маалыматына караганда, чабуулдан төрт көп кабаттуу үй, бир турак жай жана коммерциялык имараттарга зыян келтирилген.

1987-жылы туулган аял жаракат алып, ооруканга жеткирилди.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча дрон сыныктары 15 автоунаага тийип, алты машина өрттөндү.

Маалыматка караганда, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орусиялык 83 учкучсуз учактын 61ин атып түшүргөн. Аткылоо Киев, Харьков, Полтава, Сумы, Чернигов, Кировоград, Хмельницкий, Днепропетров, Запорожье, Николаев жана Херсон облустарында катталган.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери жай тургундар жана инфратүзүмдөр бутага алынып келет. Москва муну мойнуна албайт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG