Иран Вашингтон менен Тегерандын өзөктүк программасы жана ага байланыштуу санкциялар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди. Анын айтымында, бул үчүн бир гана шарт коюлат: АКШ президенти Дональд Трамп "катуу басым" кылбашы керек.
"Анткени бул сүйлөшүү эмес, капитуляциянын бир формасы болуп калат",- деп жазды Аракчи социалдык тармактардагы баракчаларына. Ал ошондой эле Тегеран жаңы санкцияларды киргизип жаткан өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүүнү каалабастыгын кошумчалады.
4-февралда Трамп өзүнүн Иранга "болушунча экономикалык басым көрсөтүү" саясатын жандантуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ал саясат Тегерандын мунай экспортуна сокку уруп, өзөктүк программасын жайлатууга багытталган. Документке кол коюп жатып Америка президенти Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирди.
"Ирандын өзөктүк куралы болбошу керек",-деди Трамп.
Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, 2018-жылы АКШ Иран жана дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Ал ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегерандан алынган санкцияларды кайра калыбына келтирген.
Аракчи "Иран буга чейин кандай гана шарт болбосун өзөктүк курал чыгарууну көздөбөстүгүн бир нече ирет айгинелегенин" кошумчалады. 7-февралда Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Вашингтон менен Тегеран ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу кептерди четке каккан.
Шерине