Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:03

CIT: былтыр чабуулдарда Украина менен Орусияда 2,6 миңдей жайкын тургун набыт болгон


Украина. Полтава шаары. 2025-жыл
Украина. Полтава шаары. 2025-жыл

Былтыркы жарандык жайларга жасалган чабуулдарда Украина менен Орусияда бери деген 2,6 миңдей жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 14 миңден ашык киши жараат алды.

Бул тууралуу Conflict Intelligence Team (CIT) иликтөө тобу билдирди. Алардын баяндамасы ыктыярчылар чогулткан, күн сайын берилген маалыматтардын негизинде, расмий кабарлардан, билдирүүлөрдөн улам жазылган.

Набыт болгондордун басымдуу бөлүгү украиндер (1915 адам) болгон жана алардын 81и балдар. Орусия көзөмөлдөгөн Украинанын аймактарында кеминде 452 адамдын, анын ичинде 20 баланын өмүрү кыйылган. Ыктыярчылардын эсебине ылайык Орусияда чабуулдарда 233 киши, арасында 14 бала мерт болгон.

Украинада 12,5 миңден ашык, ал эми Орусия оккупациялап алган аймактарында 2,3 миңдей, ал эми Орусияда кеминде 1,6 миң адам жараат алган.

Мындай маалыматты топтоо 2023-жылдын аягында башталган, мындан улам согуш башталган алгачкы жылдарга салыштыруу мүмкүн болбой турат.

Өткөн айдын аягында Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасынын журналисттери ыктыярчылар менен бирге ачык булактарга таянып, Украинада кеминде 90 миң орусиялык аскер набыт болгонун аныкташкан. Орусиянын бийлиги фронтто набыт болгон аскерлери тууралуу расмий эч качан маалымат бербейт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2024-жылдын башында Киев согушта 31 миңдей аскеринен айрылганын билдирген. UALosses долбоору ачык булактарга таянып, Украинанын жоготуулары 40 миңден ашканын маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG