Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Трамп келерки аптада Зеленский менен жолугушуусу мүмкүн экенин айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп келерки аптада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү мүмкүн экенин билдирди. Ал жума күнү Вашингтондогу маалымат жыйынында бул планы канчалык так экенине токтолгон жок. Трамп Украинага барбасын белгиледи.

Зеленскийдин Вашингтонго сапары тууралуу буга чейин кабарланган эмес.

Украин президенти Трамп менен жолугушуу мүмкүндүгү тууралуу комментарий берип жатып, келерки апта дипломатия үчүн “өтө жемиштүү болушу ыктымалдыгын” айтты. Ошондой эле буга болушунча аракетин, күчүн жумшарын белгиледи.

Москва бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Трамп жума күнү басма сөз жыйынында Украинадагы согуш тууралуу комментарий берип жатып "адамзаттык көз караштан алып караганда өтө коркунучтуу" деп эсептерин айтты. Ошондой эле эки тараптан тең оор жоготуулар болгонун, жүз миңдеген аскерлерин жоготконун, жарадар болгонун белгиледи.

АКШнын президенти Украинадагы согушту тез арада бүткөрүү үчүн Путин менен сүйлөшөрүн билдирип келет. Буга чейин Ак үй бул тема Орусия менен "абдан олуттуу" деңгээлде талкууланганын, жакын арада куралдуу кармашты токтотууга байланыштуу "орчундуу" кадамдар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Путин Трамптын сүйлөшүү тууралуу билдирүүлөрүн кубаттап, аны менен жолугушууга даяр экенин ырастаган. Ошол эле маалда Зеленский менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG