Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине "iEMDOO" маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система эмдөө программасына санариптик жабдыктарды киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга мүмкүндүк берерин министрликтин басма сөз кызматы 7-февралда кабарлады. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа менен жолугушуп, 2027-жылга чейинки кызматташуу программасын талкуулаган.
"I-EMDOO" системасынын киргизилиши - Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу жылыш. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү системасы медициналык кызматкерлердин түйшүгүн жеңилдетет. Аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүндүк берет", - деген Тапа.
Чечейбаев билдиргендей, былтыр ЮНИСЕФ өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө 3 млн долларга жакын жардам берген. Министр учурда бул тармакка комплекстүү баа берүү жүрүп жатканын, бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинен ЮНИСЕФтин, Дүйнөлук Саламаттык сактоо уюмунун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.
Компьютерлер ВИГА (Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс) жана Канада өкмөтүнүн колдоосу менен алынган.
ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташый турган 26 жол тандабас берген.
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 1946-жылы түзүлгөн.
Шерине