Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыяланат


Мамлекеттик гимндин биринчи куплети менен кайырмасы.
Мамлекеттик гимндин биринчи куплети менен кайырмасы.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыялайт. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отурумунда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жетекчилик кылган комиссияга композитор, акын, жазуучулар, Жогорку Кеңештин депуттары кирген. Отурумда сынактын жол-жобосу, аны уюштуруунун тартиби бекитилди.

“Гимндин текстин жана музыкасынын долбоорун иштеп чыгуу июнь айына чейин созулат. Жобо боюнча комиссияга мүчө болгон адамдар сынакка катыша албайт. Комиссия келген текст, музыканы карап, Жогорку Кеңешке үч вариант сунуш кылат. Ал Жогорку Кеңештин комитетинде, кийин парламенттин өзүндө каралып, анан чечим кабыл алынат”, - деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орунга 250 миң сомдон каражат тапшырылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG