Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Бастрыкин Орусияда мигранттар боюнча сотко өткөн иштер көбөйгөнүн айтты


Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин. 
Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин. 

Орусияда сотторго мигранттарга байланыштуу түшкөн иштердин саны көбөйдү. Бул тууралуу тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин 5-февралда билдирди. Анын сөзүнө караганда, өткөн жылы тергөөчүлөр ар кандай инстанцияларга үч миңдей ишти өткөрүп беришкен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп.

Бастрыкин сотко өткөн ар бир үчүнчү иш адам өлтүрүүгө байланыштуу экенин айтты. Ал ошондой эле 2024-жылы мигранттар террордук мүнөздөгү 253 кылмышка барганын кошумчалады.

Тергөө комитетинин башчысы чет өлкөлүктөрдүн жашы жете электерге карата 1500дөй кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди. Ал кылмышка барган мигранттардын көбү Орусияда мыйзамсыз, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөнүн белгилед.

"Келгиндер барган кылмыштар жана резонанстуу иштер маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, коом миграциялык тармакта тартиптин орнотулушун талап кылууда",-деди Бастрыкин.

"Мемориал" адам укугун коргоо борбору Бастрыкин көп учурда реалдуу статистика таянбай турганын эске салды.

Былтыр дагы Тергөө комитетинин башчысы мигранттар арасында зордук-зомбулук, экономикалык багыттагы кылмыштарга баргандар көбөйгөнүн жарыялаган. Ички иштер министри Владимир Колокольцев мигранттар арасында олуттуу кылмыштарга баргандардын саны боюнча өзгөрүү жок экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG