Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Министр: Кытай менен чек арада көмүр логистикалык борбору быйыл ишке берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетине жакын жердеги көмүр логистикалык борбору быйыл курулуп бүтүп, ленталык конвейер ишке берилерин билдирди.

Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында энергетика тармагында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып айтты. Анын видеосу министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

2023-жылы Кытайдын премьер-министри Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип, кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашууларга кол коюлган.

Ошол кездеги маалымат боюнча, ленталык конвейердин узундугу 7,5 чакырым болот. Кытай өз тарабындагы конвейерди 2023-жылы эле куруп бүткөнү кабарланган. Кыргыз өкмөтү ал ишке кирсе Кытайга көмүр экспорту бир топ көбөйөт деп пландап жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG