Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Аба ырайы: 7-февралда күн ачык болот


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9° суук, күндүз 5…7° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG