Бээжин тил жана маданият университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында анын ачылыш аземине катышканын президенттик администрация 6-февралда кабарлады.
Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин белгилеген.
“Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем”, - деген мамлекет башчы скульпторго ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, чакан маданий борборлор жана сейил бактары бар. Москва шаарында залкар жазуучунун эстелиги 2018-жылы ачылган. Мындан сырткары Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбак бар. (КЕ)
Шерине