Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарында түрмөдөн соттолгондор качкандан кийи 150дөн ашуун аял зордукталып, тирүүлөй өрттөлгөн. Бул тууралуу Би-Би-Си БУУнун ички документине таянып билдирди.
Өткөн дүйшөмбүдө Гомадагы Мунзензе абагынан миңдеген киши качкан. Бул "23-март кыймылы" (M23) тобунун козголоңчулары Руанда армиясынын колдоосу менен Гоманы көзөмөлгө алгандан кийин болгон. Түрмөдө отурган эркектер жана аялдар эркиндикке чыккан. Коридорлордо эркектер аялдарды зордуктап, андан соң түрмөнүн имаратын өрттөп салышкан.
БУУнун Гомадагы бейпилдик миссиясынын башчысынын орун басары Вивиан ван де Перре абактан жалпысынан төрт миңдей туткун качып кеткенин билдирди. Абактын аялдар канаты күйүп кетти.
Өкмөт күчтөрү менен М23 козголоңчуларынын ортосундагы салгылашуу январдын аягында күчөгөн. Ошондон бери, Конго өкмөтүнүн эсебинде, 2 миңден ашуун адам каза болду. БУУ 900 адам каза тапканын, анын 20дан ашыгы тынчтык орнотуу миссиясынан экенин билдирди. "Чек арасыз дарыгерлер" өңдүү эл аралык гуманитардык уюмдар аймактагы суу жана тамак-аш тартыштыгы, көчөдө жаткан өлүктөр жана эпидемия коркунучу тууралуу кабарлашууда.
Шерине