Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Орусияда тергөө абактарында, кармоо учурунда былтыр кеминде 50 адам каза болгону кабарланды


Орусиядагы абактардын бири.
Орусиядагы абактардын бири.

2024-жылы Орусиянын ички иштер бөлүмдөрүндө, убактылуу кармоочу жайларында, тергөө абактарында кеминде 50 адам каза болгон. Бул тууралуу "Верстка" басылмасы ачык булактардагы маалыматтарга жана журналисттер жазган макалаларга таянып жазды.

Каза болгондордун 47си эркек жана үчөө аял. Алардын 20сы тергөө абагында, 10у ички иштер бөлүмдөрүндө, беш адам убактылуу кармоочу жайда, дагы беш адам тергөө абагынан жеткирилгенден кийин камакка алынгандан кийин ооруканада, төртөө кармоо учурунда, үч адам күч кызматкерлеринин унаасында, бир адам милиция кызматкерлери суукта көчөдө кийимсиз калтырып салгандан кийин каза болгон.

Бул окуялардын басымдуу бөлүгүндө өлүмдүн себеби катары "ден соолугуна байланыштуу" деп көрсөтүлгөн. Орус бийлиги мындай категорияга адатта инфаркт, эпилепсия, өпкө шишиги, жүрөк көйгөйлөрү жана "өнөкөт ооруларды" киргизет.

Расмий маалыматтарга караганда, сегиз адам өз жанын кыйган. Алты адам оорудан каза болгон. Каза тапкандардын көбү Москвада болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG