Президент Садыр Жапаров канзаада Рахим Ага Ханга дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, атасы Карим Ага-Хан IV дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Президенттин расмий сайтына чыккан телеграммада “Карим Ага-Хан IV өз өмүрүн элдин жакшылыгына арнап, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатына зор салым кошуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга үмүт жана мүмкүнчүлүк тартуулаганы” айтылат.
Карим Ага-Хан IV 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жашында дүйнө салды. Ал 1957-жылдан бери Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин коомун жетектеп келаткан. Карим Ага-Хан IV Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткен.
Ага Хан фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.
Нарын облусунда фонддун Борбор Азия университети бар. (BTo)
Шерине