Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

Краснодардагы мунай базасына дрон чабуулу болуп, өрт чыкты


Мунай базасы. (Иллюстрациялык сүрөт)
Мунай базасы. (Иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын Краснодар аймагында жайгашкан мунай базасында өткөн түнү дрон чабуулунан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вениамин Кондратьев өзүнүн Telegram-каналына жазды.

«Канев районунун Новоминск айылында мунай цистернасына дрондун сыныктары түшкөн», - деп жазган Кондратьев.

Орусиянын Коргоо министрлиги Краснодар аймагынан атып түшүрүлгөн дрондор тууралуу маалымат берген жок. Мекеме өткөн түнү Курск жана Белгород облустарында төрт дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Шаршембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Краснодар аймагындагы мунай иштетүүчү завод жана орусиялык «Бук» зениттик-ракеталык комплекси талкаланганын ырастады.

Башкы штаб 5-февралга караган түнү Краснодар аймагындагы «Албашнефть» базасын бутага алынганын жазды.

2024-жылдын башынан бери Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор украиналык дрондор тарабынан үзгүлтүксүз чабуулга кабылып келет. Айрым заводдордо жабдыктар иштен чыкканы кабарланган.

"Би-Би-Синин" 2024-жылдын августунда жарыяланган маалыматында былтыр жарым жылда Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жана мунай инфраструктурасына кеминде 64 жолу чабуул койгону жазылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG