Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди.
Маалымат боюнча, журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шек саналып, 23 жаштагы адам кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ушул жылдын январь айында Мээрим Ташыбекова былтыр өзүн укук коргоо органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырган шылуундарга алданганын айтып, милиция ыкчам иштебей жатканын билдирген. Ал ар кайсы банктардан баш-аягы 800 миң сомдон ашык насыя алып, шылуундарга которгонун, андан тышкары депозиттеги 100 миң сомунан да айрылганын айткан.
УКМК телефон чалып, өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып, шылуундук кылгандар боюнча билдирүү таратып, элди аларга алданбоого чакырган. (BTo)
Шерине