Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Жер көчкү көркунучу бар Арстанбап-Ата айылынын жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлөт


Сүрөт ӨКМден алынды. Элге түшүндүрүү жүргүзүү учуру.
Сүрөт ӨКМден алынды. Элге түшүндүрүү жүргүзүү учуру.

Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатында Базар-Коргон районунун көчкү коркунучу бар Арстанбап-Ата айылынын тургундары коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеме жер көчкү жүрө турган аймактарда жашагандарга алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчалар таркатылып, тиешелүү маалыматтар берилгенин билдирди.

ӨКМдин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай 1020 кооптуу тилке бар.

Өткөн жылы Кыргызстанда табигый кырсыктардын масштабы жылдагыдан чоң болуп, 67 адам каза тапканын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жергиликтүү маалымат каражаттарына курган маегинде айткан.

Сел, көчкү өңдүү кырсыктардын кесепетинен 1000ден ашуун үй бузулуп, зыян тарткан.

Министр бир жылда расмий эсеп боюнча 130 түрдүү кырсык катталганын, бейрасмий эсеп мындан бир нече эсе көп экенин кошумчалаган.

Буга чейин ӨКМ Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатканын билдирген. Алардын көбү Ош облусунда экени айтылган. Калган кооптуу аймактар катары Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары аталган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG