Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Менчиктештирилген айрым объектилерге мунапыс берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров 1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге мунапыс берүүнү сунуштады. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды. Эл өкүлү жеке менчик укугу рыноктук экономиканын негизги принциби экенин, учурда өлкөдө жеке менчикти коргоо жаатында кризистик жагдай түзүлгөнүн белгилеген.

Документтин негиздеме-маалымкатында жазылгандай, мыйзам долбоору Конституциянын 15-беренесине ылайык жарандардын менчикке болгон укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында иштелип чыккан. Демилгечи менчиктештирилген объектилердин азыркы ээлери менчиктештирүү жараяны учурунда же андан кийин төрөлгөндөр экенин, менчикти бөлүштүрүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышпаганын жана "мүлктү ак ниет, ачык рынокто сатып алышканын" айткан.

"Ошого карабастан, бүгүнкү күнү дал ушул жарандар менчиктештирүү бүтүмдөрүн кайра карап чыгууга байланыштуу укуктук белгисиздикке жана тобокелдиктерге туш болууда", - деп жазылган.

Мыйзам долбоордун демилгечиси "айрым учурларда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеке менчикти алып коюу боюнча мыйзамсыз аракеттерди көрүүдө" деп эсептейт.

"Ушуга байланыштуу, эгерде ак ниет сатып алуучу объектини адал табылган акчага сатып алса жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген бардык укукту күбөлөндүрүүчү документтерди алса, ушул мыйзам долбоору менен менчиктештирүү жол-жоболорунун алкагында жеке менчикке өткөрүп берилген объектилерди легалдаштыруу сунуш кылынат. Ошондой документтердин бар болушу анын менчик укугун таануу үчүн талашсыз негиз болуп саналат. Мындан улам бир дагы мамлекеттик орган (укук коргоо органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошуп) мындай менчикке кол салууга укугу жок. Мунапыс бериле турган объектилерге болгон менчик укугун карап чыгууга кандай аракеттер болбосун мыйзамсыз болуп саналууга жана жоопкерчиликке алып келүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", - деп жазылган документте.

Буга чейин Эл аралык ишкерлер кеңеши былтыр жыл соңунда ачык билдирүү жарыялап, улутташтыруу саясатынын мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурган. Уюм жазгандай, укуктук өлкөлөрдө кандай гана объект болбосун, мамлекет аны соттун чечими менен гана өзүнө өткөрө алат. Макул болбогон ишкер чечимдин үстүнөн даттанып, айрым учурларда кенемте алууга да укуктуу.

Уюм жазгандай, жеке менчик объектилерди сотсуз улутташтыруу, ишкерлерди негизсиз текшерүү бизнестин ишенбөөчүлүгүн жаратат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, акыркы төрт жылда мамлекетке 1174 объект өткөрүлгөнүн кабарлаган. Алардын ичинде жер тилкелери, соода аянтчалары, пансионаттар, стадиондор, лагерлер, мектептер, бала бакчалар, заводдор жана башка мүлктөр бар.

Мамлекетке өткөн объектилердин жалпы баасы 130 млрд 510 млн сом деп бааланган. Бүгүнкү күндө анын 44ү сатылып, мамлекетке 8 млрд 963 млн сом түшкөн.

Ташиевдин айтымында, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка же мыйзамсыз менчиктештирүүгө тиешеси бар жарандардын гана мүлктөрү мамлекетке өтүүдө. Ал кылмыш иштери боюнча кармалгандар мүлкү менен төлөп жатканын ырастаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда менчиктештирүү ишин көзөмөлдөй албай калганын мурунку президент Аскар Акаевдин биринчи кемчилиги деп атаган. Жапаров “колунда бийлиги бар ач көз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти, иштеп турган завод-фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты” деп айткан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 1993-жылдан бери 7363 ар кандай багыттагы мүлк менчиктештирилген. Алардын жарымынан көбү калкты турмуш-тиричилик жактан тейлеген, соода жана коомдук тамактануу тармагындагы мүлктөр болуп эсептелет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG