Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Швеция: Эребру шаарында окуу борборунда ок атылып, 10дой киши набыт болду


Ок атуу болгон жерди полиция курчады. Швеция, 4-февраль 2025-жыл
Ок атуу болгон жерди полиция курчады. Швеция, 4-февраль 2025-жыл

4-февралда Швециянын полициясы Эребру шаарындагы мектепке катарлаш чоң кишилер билим алган окуу борборунда ок атылып, 10дой киши набыт болгонун билдирди.

Шаардык полиция башчысы Роберто Эйд Форест каргашалуу окуяда "10дой киши" набыт болгонун, анын ичинде кол салган адам да бар деп санашарын билдирди. Канча киши жабыркаганын швед полициясы азырынча так айта элек.

Ок аткан адам мурда-кийин полицияга белгисиз экени, кандайдыр бир кылмыштуу топ менен байланышы тууралуу маалымат жоктугу маалым болду. Ошондой эле полиция азырынча мындай каргашага эмне түрткү болгонун айта элек.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.30да болгон. Полиция аны "адам өлтүрүү аракети, өрт коюу жана курал колдонуу менен оор кылмыш" деп сыпаттап, элди ал райондон оолак болууга чакырган.

Эребру баш калаа Стокгольмдон 200 чакырым жерде орун алган.

Юстиция министри Гуннар Строммер кол салууну "олуттуу окуя" деп атап, өкмөт полиция менен иштеп жатканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG