Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Бишкектеги элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-америка алакасынын орчундуу маселелери, анын ичинен экономикалык жана техникалык кызматташуу, миграция жана санкция маселелери талкууланганы кабарланды. Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу да сөз болду. Элчи Вигери белгиленген жол-жоболорго ылайык АКШ кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экенин ырастады. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Учурда АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, аларды депортациялоо уланууда. Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга керектүү документтерди жанына ала жүрүү керектигин эскертип, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган. Абакиров Лесли Вигери менен 23-январда да жолугуп, “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илиниши тууралуу сөз козгогон. Кыргыз тарап анда “мунун себеби түшүнүксүз болуп жатканын” билдирип, аталган компанияларды “кара тизмеден” чыгарууну өтүнгөн.
Садыр Жапаров Бээжин сапарнын алдында Кытай менен товар жүгүртүү 22 млрд доллардан ашканын айтты
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барар алдында бул өлкөнүн “Синьхуа” маалымат агенттигине маек курду. Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мамлекеттер ортосунда саясий ишеним жогорку деңгээлде экенин ырастап турарын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” жана “Бедел” өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу тууралуу пикирин билдирди. Кыргыз президенти Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен болот. Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталан биргелешкен декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлары кабарланган. Садыр Жапаровдун быйылкы жылдагы алгачкы чет өлкөлүк сапары Кытайда өткөнү турат. Бул сапар соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө.
Башкы прокуратура Эркин Мамбеталиевди актаган өкүмдөрдү жокко чыгарууну өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылды
Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматта айтылгандай, көзөмөл органы муну менен Жогорку соттун буга чейинки 2009, 2010 жана 2011-жылдардагы токтомдорун жокко чыгарууну өтүнгөн. Буга байланыштуу соттук отурум 4-февралга белгиленди. "Акипресс" маалымат агенттиги Мамбеталиевдин иши кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу экенин жазды. Башкы прокуратура бул боюнча комментарий бере элек. Эркин Мамбеталиевди 2024-жылы 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы кабарланган. 9-августта УКМК расмий маалымат таратып, Эркин Мамбеталиев кримтөбөлдөр Камчы Көлбаевдин жана Рысбек Акматбаевдин криминалдык чөйрөсүндөгү "кылмыштуу байланыштарынан жана андагы өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоосу менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталганын" билдирген. 25-сентябрда атайын кызмат Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган. Мамбеталиевдин адвокаттары комментарий бере элек. Ал өзү азыр абакта кармалууда.
Бакыт Төрөбаев картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев бул тууралуу 4-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын сөзүнө караганда, Нарын, Ысык-Көл облустарында, Кемин жана Чоң-Алай райондорунда Кыргызстандагы муктаждыкты жаба турган картошканын көлөмү бар. Төрөбаев ортомчуларды дыйкандардан картошканы сатып алгандан кийин ага беш сомдон ашык кошпоого чакырып, эгер баа негизсиз көтөрүлүп кетсе, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы чара көрөрүн билдирди. 2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатканын кабарлаган.
Харьков: Орусиянын Изюмга соккусу төрт кишинин өмүрүн алды, 24ү жараат алды
Аймактын башчысы Олег Синегубов кабарлгандай, алдын ала маалыматка караганда, орус армиясы шаардын борборуна аткан ракета административдик имаратка тийген. Жабыркагандар, арасында 15 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилип, үчөөнө операция жасалды. Соккудан көп кабаттуу бир нече турак жай жана дагы бир административдик имарат зыян тартты. Синегубов ал жакта аскердик жайлар жок экенин кошумчалады. Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 4-февралга караган түнү Орусия 65 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, 37си атып түшүрүлгөнүн, калгандардын локациясы табылбай калганын билдирди. Мындан тышкары украин бийлиги Сумы аймагында тогуз турак үй, Черкасы облусунда үч менчик ишкана, Днепропетровск облусунда темир жол депосу жабыркаганын маалымдады. Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн жарандык жайларын жана жайкын тургундарын бутага алганын танып келатат.
Швециянын Эребру шаарындагы мектепте ок атылып, беш киши жараат алды
Рейтер агенттиги жеринде тартип коргоочулар, дарыгерлер менен куткаруучулар иштеп жатканын кабарлады. Полициянын бидирүүсүндө жаракаттар канчалык оор экени айтылган жок. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.30да болгон. Полиция аны "адам өлтүрүү аракети, өрт коюу жана курал колдонуу менен оор кылмыш" деп сыпаттап, элди ал райондон оолак болууга чакырды. Болжол менен ок атуу чоңдор үчүн билим берүү борборунда болгон. Ага адатта мектепти аяктабагандар барат. Бирок айланада балдардын мектептери да жайгашкан. Эребру башкалаа Стокгольмдон 200 чакырым алыстыкта орун алган.
Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна тариф киргизди
Associated Press (AP) агенттиги кабарлагандай, муну менен катар Google компаниясынын кытайлык рыноктогу ишмердигин иликтөөгө киришти. Эми 10-февралдан тарта Кошмо Штаттардан алынып келген көмүр менен суюлтулган газга 15%, чийки мунай, айыл чарба техникасына жана мотору күчтүү машиналарга 10% тариф киргизилет. АКШ бул чийки заттын ири экспорттоочусу болгону менен, Кытайга анча көп сатпайт. Мындан тышкары Бээжин жогорку технологиялык өндүрүштө колдонулган минералдардын экспортун көзөмөлдөп турмакчы. Вольфрам, висмут, молибден жана башкалар АКШда экономикалык жана улуттук коопсуздук үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет. Ал эми Google монополияга каршы эрежелерди бузган деп шектелүүдө. Иликтөөнүн тарифтерге байланышы тууралуу айтылган жок, бирок ал тууралуу АКШнын бажы салыгы ишке киргенден көп өтпөй жарыяланды. АКШнын президенти жакынкы күндөрдө Кытайдын ппрезиденти Си Цзинпин менен сүйлөшүүнү пландап жатат. Эки держава ортосунда 2018-жылы да "соода согушу" тутанган.
Газа: Тараптар сүйлөшүүнү улантууга даяр
АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун саясий бюросундагы булак алар ок атууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо келишиминин экинчи баскычын талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады. Атын атабаган булактын айтымында, ХАМАС келишимдин бардык шарттарын аткарды жана экинчи фазаны бүтүрүү үчүн Израиль менен тикелей эмес сүйлөшүүлөргө даяр. Шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Дохадагы сүйлөшүүлөргө делегация жөнөгөнү жатканын билдирди. 15-январда арачылардын (АКШ, Катар, Египет) жардамы менен макулдашылган келишимге ылайык, экинчи баскыч боюнча талкуу биринчи баскыч ишке киргенден 16 күн өткөндө, башкача айтканда, 4-февралда башталууга тийиш.
Тажикстанда түрмөдө тополоң чыгып, үч киши каза болду
Тажикстандын Юстиция министрлиги Вахдат шаарындагы №3/2 абагында тополоң чыгып, жазасын өтөп жаткан үч адам каза болгонун, абактын үч кызматкери жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу 3-февралда “Азаттыктын” тажик кызматы жазып, редакцияга түрмөнүн короосунда беш адамдын сөөгү жаткан сүрөт келгенин билдирди. Azda TV телеканалы жети кишинин аты-жөнүн жарыялады. Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө соттолгон адамдардын тобу "колдо жасалган бычак, кесе турган куралдары" менен түрмөнү кайтарган кызматкерлерге кол салганы айтылды. Маалыматта алар "абактан качуу үчүн кызматкерлерди өлтүрүүнү максат кылышканы" белгиленди. Кызматкерлер курал колдонууга аргасыз болгон, үч кылмышкер өлтүрүлүп, калгандары кармалган. Бийлик кол салган топто тогуз киши болгонун белгилеп, бирок ысымдарын жана алар качан, кандай шартта камалганын ачыктаган жок. ИИМдеги булак "Вахдатка атайын операция өткөрүү үчүн атайын даярдыктагы топ жөнөтүлгөнүн" билдирген. Оппозиция өкүлдөрү түрмөдө өлтүрүлгөндөрдүн саны расмий маалыматтагыдан көп экенин 3-февралда билдиришти.
Шерине