Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстанда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кайра түзүлдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Юстиция министрлигинен кайра ажыратылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болуп түзүлдү. Мекеме Министрлер кабинетине караштуу болот. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы мындан ары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп аталат.

Өкмөт бир айдын ичинде тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын долбоорун даярдап чыгат.

2021-жылы Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган. Бул жараяндын негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине карап калган.

2024-жылдын соңунда Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан кетип, анын ордуна Чыңгыз Кожошев дайындалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG