Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Харьков: Орусиянын Изюмга соккусу беш кишинин өмүрүн алды


Изюм шаары. Архив
Изюм шаары. Архив

Орус аскерлеринин Харьковдун Изюм шаарына урган соккусунан карапайым беш киши набыт болду, жараат алгандар 50дөн ашты.

Аймактын башчысы Олег Синегубов кабарлагандай, орус армиясы шаардын борборуна аткан ракета административдик имаратка тийген. Жабыркагандар, арасында 15 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилип, үчөөнө операция жасалды.

Соккудан көп кабаттуу бир нече турак жай жана дагы бир административдик имарат зыян тартты. Синегубов ал жакта аскердик жайлар жок экенин кошумчалады.

Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 4-февралга караган түнү Орусия 65 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, 37си атып түшүрүлгөнүн, калгандардын локациясы табылбай калганын билдирди.

Мындан тышкары украин бийлиги Сумы аймагында тогуз турак үй, Черкасы облусунда үч менчик ишкана, Днепропетровск облусунда темир жол депосу жабыркаганын маалымдады.

Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн жарандык жайларын жана жайкын тургундарын бутага алганын танып келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG