Санторини аралынын жүздөгөн тургуну жана туристтер бир нече күндөн бери уланып келаткан зилзаладан кийин материкке кете баштады. Бул үчүн атайын паромдор жана авиакаттамдар уюштурулду.
Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис элди тынчытууга аракеттенип, бийлик бул геологиялык көрүнүшкө байкоо салып турганын айтты.
Дүйшөмбү күнү күчү айрым учурларда 4 баллдан ашкан силкинүү 5 мүнөт сайын кайталанып жатты.
Эгей деңизиндеги Санторини жана Аморгос аралдарынын ортосундагы жер титирөө 31-январдан бери уланууда.
Зилзала күчтүү болбогону менен бийлик бир нече аралдагы мектептерди 7-февралга чейин убактылуу жапты.
Адистер силкинүүлөр бир нече аптага созулушу ыктымал деп айтып жатышат.
Элге жабык жайларга топтолбоо, жер көчкү коркунучунан улам Санторининин бир нече районуна, анын ичинде эски портко барбоо кеңеши берилди.
15 миндей киши жашаган аралга жылына миллиондогон турист барат.
Акыркы жолу ири жер титирөө ал жакта 1956-жылы болгон.
Шерине