АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюмунун саясий бюросундагы булак алар ок атууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо келишиминин экинчи баскычын талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады.
Атын атабаган булактын айтымында, ХАМАС келишимдин бардык шарттарын аткарды жана экинчи фазаны бүтүрүү үчүн Израиль менен тикелей эмес сүйлөшүүлөргө даяр.
Шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Дохадагы сүйлөшүүлөргө делегация жөнөгөнү жатканын билдирди.
15-январда арачылардын (АКШ, Катар, Египет) жардамы менен макулдашылган келишимге ылайык, экинчи баскыч боюнча талкуу биринчи баскыч ишке киргенден 16 күн өткөндө, башкача айтканда, 4-февралда башталууга тийиш.
Келишим 19-январда, ок атуу токтоп, барымтадагы үч киши коё берилгенде аткарыла баштаган. Ошондон бери ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынган 18 кишини бошотту, Израилдин түрмөлөрүнөн жүздөгөн туткун эркиндикке чыкты.
3-февралда Израилдин оппозиция лидери Яир Лапид келишимдин ар бир баскычын колдоого даярдыгын, сүйлөшүүлөр тезирээк башталууга тийиш деп эсептерин билдирди.
Шерине