Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Стокголмдо Куран китебин өрттөөгө катышкан киши шарттуу кесилди


Полиция Салван Момикага кол салуудан кийин тергөө баштады. Швеция. 30-январь, 2025-жыл
Полиция Салван Момикага кол салуудан кийин тергөө баштады. Швеция. 30-январь, 2025-жыл

Стокгольмдун соту Куран китебин өрттөөгө катышкан Швециянын жараны Салван Найемди шарттуу кести. Ага "дин аралык жек көрүүгө тукурган" деген айып тагылды. 29-январда мусулмандарга каршы акциялардын уюштуруучусу, ирактык качкын Салван Момиканы атып кетишкен. Ошондон кийин полиция акцияларга байланыштуу 5 кишини кармап, кийин коё берген.

Момика жана шериктери өздөрүн атеист деп атап, исламга каршы кескин билдирүүлөрдү жасап келген. 2023-жылы Стокгольмдо швед парламентинин маңдайында жана ири мечиттин жанында Куран китебин өрттөгөн. Мындан тышкары интернетте исламга акаарат келтирген постторду жазышкан. Алардын мындай кылыгы ондогон мусулман өлкөсүндө нааразылык толкунун жараткан. Ал эми радикал исламчылар теракт уюштуруп, өч аларын эскертишкен.

Түркия ошол жоруктардан улам Швециянын НАТОго кирүүсүн жактырууну кечеңдетип келген.

Швецияда жана Европада ыйык китепти өрттөө учурларынан кийин сөз эркиндигинин чеги тууралуу талкуулар башталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG