Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты


Бишкек.
Бишкек.

World Air Quality уюмунун сайтында 3-февраль күнү Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө кайрадан биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 340ты көрсөттү.

Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.

Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деген баа берилген.

Кыргызстандын борборунан кийин абасы кир шаарлардын катарында Мянманын Янгон, Орусиянын Красноярск, Казакстандын Алматы жана Бангладештин Дакка шаарлары турат.

Башкалаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөт, видеолор интернетте тынымсыз жарыяланып келет. Сырттагы ыш, түтүн үйлөрдүн, имараттардын ичин каптап, тамак, көкүрөктөрү ачышып, аллергиялык жана башка оорулар козголуп жатканын айткандар арбыды.

Соцтармактардын колдонуучулары бийликтен ыш маселесин чечүүнү талап кылып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан-жылга азайып жатканын” Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында билдирген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG