Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү кайрадан милицияга жеткирилгени кабарланды


Жанна Самышева.
Жанна Самышева.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышеваны милиция кайрадан суракка алып кеткенин партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, Жанна Самышева 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына күч менен жеткирилген.

"Мындай аракетке барууга орган кызматкерлеринин эч кандай мыйзамдуу укугу жок. Алардын "шарттуу уурдоо" деп атаган аракети биздин партиянын талапкерлерине каршы террор токтой электигинен кабар берет", - деп жазды Атамбаев.

Атамбаев Самышеванын туугандарына шилтеме кылып, аны балдарын бий ийримине алып барган жеринен кармап кетишкенин, бул тууралуу ал жакындарынын бирине телефон чалып айтууга үлгүргөнүн жазды.

"Кадимки чакыруу кагазын жиберип, тынч суракка алуунун ордуна Ички иштер министрлиги ушул сыяктуу "жулуп кетүүгө" жана "уурдап кетүүгө" барып жатат", - деп жазды Атамбаев.

Жанна Самышеванын кармалышы тууралуу тартип коргоо органдары маалымат бере элек.

Самышева Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүндө 12-январда да сурак берген. Бишкек милициясы “добуш сатып алуу” боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Самышеваны алып келүү тапшырмасы коюлганын, ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен тергөө аракеттери Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнүн билдирген.

Самышева Социал-демократтар партиясынын катарында буга чейин Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон.

Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

9-январда аталган сот булардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Темирлан Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.

Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG