Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Бишкекте "Джаз-Бишкек-Жаз" эл аралык фестивалы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Чек арасыз музыка" деген ураан алдында өтө турган эл аралык музыкалык XX фестиваль быйыл 25-26-апрель күндөрү Бишкекте уюштурулат. Концерттер түрдүү аянтчаларда өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар тобу маалымдады.

Фестивалдын ачылыш аземи Novotel Bishkek мейманканасында болот. Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

Кыргызстандагы “Борбор Азия – Арт Менежмент” коомдук фонду 2006-жылдан бери “Борбор Азиядагы этно-джаз” долбоорун ишке ашырып келет. Жылына апрель айында өтчү жаз фестивалдары аталган коомдук фонддун негизги долбоорлорунун бири.

Буга чейинки өткөрүлгөн 19 фестивалдын алкагында кыргызстандык джаз сүйүүчүлөргө 23 өлкөдөн 176 джаз топтордун чыгармачылыгы тааныштырылган.

2018-жылдан тарта ""Джаз-Бишкек-Жаз" эл аралык фестивалы ЮНЕСКО жарыялаган эл аралык Джаз күнүнө карата фестивалдардын программасына киргизилген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG