Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

Даниянын премьери Гренландия сатылбасын кайталады


Гренландия
Гренландия

Даниянын премьер-министри АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун комментарийине жооп кайтарып, “Гренландия сатылбайт” деп кайталады. Рубио өткөн аптада президент Дональд Трамптын аралды алууга кызыгуусу “тамаша болбогонун” айткан.

“Гренландия - Дания падышалыгынын бир бөлүгү. Биздин аймагыбыздын бир бөлүгү. Ал сатылбайт”, - деп айтты 3-февралда Метте Фредериксен Еврошаркеттин лидерлеринин Брюсселдеги бейформал жыйынын утурлай.

Трамп Даниянын автономдуу чөлкөмүн АКШга кошуп алуу ниетин айтып келген жана падышалыкты аралды өткөрүп берүүгө көндүрүү үчүн аскердик же экономикалык күч колдонууну жокко чыгарган эмес.

Фредериксен ошол эле маалда коопсуздукту жана коргонууну алганда Арктиканын мааниси артып баратат деген АКШнын көз карашына кошуларын белгиледи.

57 миң калктуу арал 600 жыл Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.

Гренландиянын лидери, Даниядан көз карандысыздык үчүн күрөштү активдештирген премьер-министр Муте Эгеде да арал сатылбай турганын, эл өз тагдырын өзү чечиши керек экенин бир нече жолу айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG