Бишкектеги Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын атын алып жүргөн кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүрөктүн операциясы 320 миң сом, эки клапанын алмаштыруу 450 миң сом турат. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 3-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттарга билдирди.
Анын сөзүнө караганда, кыргыз-түрк бейтапканасында эң арзан кызмат көрсөтүү - УЗИ дарт аныктоочу аппаратка тартуу 1250 сом турат.
Байдавлетов белгилегендей, аталган ооруканада азыр Түркиядан келген 9 дарыгер, 19 медайым, ал эми Кыргызстан тараптан 19 дарыгер жана 30 медайым иштеп жатат, оорукананын жетекчиси Түркиядан дайындалган, анын орун басарлыгына Осмон Масалиев аттуу дарыгер беш жылдык мөөнөткө бекитилген.
Маалыматка караганда, 2022-жылы бейтапкана 13 млн сом киреше тапкан. 2023-жылы кирешеси 157 млн сом, былтыр 307 млн сом болгон.
2016-жылы июнь айында Түркиянын каражатына курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылбай, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу ишке берилип, 2021-жылы толук ачылган.
Ооруканага былтыр сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилген.
Медициналык борбордо анестезия, терапия, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология, радиология бөлүмдөрү жана ошондой эле “Тез жардам” кызматы жана поликлиникасы бар. (ZKo)
Шерине