Бүгүн, 3-февралга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан жолго кум-шагыл чачуу жана кардан, кар күрткүлөрүнөн тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Жолчулар атайын нөөмөт менен өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын сээп жатышканы кабарланды.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен тайгалакка каршы шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-январдан 1-февралга чейин жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен.(ZKo)
Шерине