Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

Баткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалат


Баткен облустук бийлиги тараткан сүрөт.
Баткен облустук бийлиги тараткан сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жайгашкан имаратка күн панелдери орнотулду. 20 кВт кубаттуулуктагы панелдерди орнотуу иштери Баткен облустук бийлиги менен Кытайдын “Sun Energy Co” компаниясынын кызматташуусу алкагында ишке ашканы кабарланды.

“Бул демилге экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон чыгымдарын азайтууга багытталган. Күн панелдеринин орнотулушу энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга өбөлгө түзөт”, - деп айтылат облустук бийликтин маалыматында.

Эки тараптын ортосунда өткөн жылы энергетика тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Кытайлык ишкана Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагында 669,3 га жер тилкесине Күн электр станциясын курмай болгон. Долбоордун кубаттуулугу 250 МВт, инвестициянын суммасы 230 млн долларын түзөт.

Облустук бийлик имаратты күн панелдери менен камсыздоо үчүн казынадан каражат сарпталбаганын, инвестор бекер орнотуп бергенин билдирди. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG