Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

Ошто келин беш баласы менен иске ууланып, бир уулу чарчап калды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Ош шаарында 33 жаштагы келин беш баласы менен (үч кыз, эки уул) иске ууланып, беш жаштагы уулу чарчап калды.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык 1-февралда болгон. Көмүрдүн исине ууланган эне балдары менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

2024-жылы 5-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир үйдөн төрт киши иске ууланып, алты жашар бала чарчап калган.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) элди сак болууга чакырып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG