Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин Астана шаарындагы кездешүүсү,
3-июль 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин Астана шаарындагы кездешүүсү, 3-июль 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапары менен болот. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү билдирди. Расмий маалыматта бул мамлекеттик сапар Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканы айтылган.

Азырынча кыргыз бийлиги Жапаровдун Бээжин сапарынын чоо-жайы жана анда кол коюла турган документтер тууралуу маалымат бере элек.

24-январда президент Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берген.

Расмий маалыматта сөгүш элчинин президент Жапаровдун Кытайга пландаган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирген одоно катасы жана "мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы" үчүн берилгени жазылган.

"Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирген одоно катасы үчүн сөгүш берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Жапаровдун Бээжин сапары соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө. 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилген. Ага чейин кыргыз өкмөтү кытай компаниялары менен чогуу Чүй облусунда 700 гектар аянтты ээлей турган Манас соода-логистикалык шаарын курарын жарыялаган.

Айрым саясат таануучулар жана эксперттер Орусия Украинадагы согуш менен алектенип жатканда Кытай Борбор Азиядагы саясий жана экономикалык таасирин күчөткөнүн билдирип келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG