Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

УКМК Эсеп палатасынын башкы инспектору пара менен кармалганын маалымдады


Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору пара алып кармалды. УКМК таркаткан сүрөт.
Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору пара алып кармалды. УКМК таркаткан сүрөт.

Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча, Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 1-февраль күнү ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Маалыматта айтылгандай, Эсеп палатасынын инспекторлору 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүзгөн.

Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылган маалыматта.(KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG