Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков 31-январда “Альянс” фракциясы менен “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында АКШдагы кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү. Ал соңку күндөрү Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо жараяны жүрүп жатканын белгилеп, ошол жактагы кыргызстандыктар да чыгарыла турган болсо, аларды мекенине алып келүү маселесин көтөрдү.
“Биздин жарандарды Латын Америка өлкөлөрүнө чыгарып салбасын. Эртеңки күнү бизди учак менен алып кеткиле деп айтып калса, буга мүмкүнчүлүк барбы?”, - деп суроо узатты депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев миграцияда жүргөн жарандар үчүн күнү-түнү иштеген байланыш телефондору бар экенин, ар дайым юридикалык жардам жана кеп-кеңеш берилерин белгиледи.
“Керек болсо, биз учак жөнөткөнгө даярбыз”, - деди Имангазиев.
Учурда АКШда мыйзамсыз мигранттарга карата рейддер өтүп, аларды депортациялоо жараяны уланууда.
Президенттик кызматка жаңы киришкен Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Мисалы, Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында ал өлкөнүн "суверендүүлүгү коркунучта" экенин белгиленген. Кошмо Штаттардын түштүктөгү чек арасын картелдерге, кылмыштуу, жада калса террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганын, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзат кирип жатканын билдирген.
Чек аранын коопсуздугун жакшыртат деген дагы бир жарлыкта "АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар" экени жазылган.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кыргызстандыктарды керектүү документтерди жанына ала жүрүүнү сунуштап, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган.
Шерине