Украинага каршы Орусиянын Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялык аскерлерди көп жоготуулардан кийин майдан сызыгынан башка жерге алып кетишти. Бул тууралуу The New York Times гезити америкалык жана украиналык аткаминерлерге шилтеме менен жазды.
Басылма маектешкен адамдар түндүк кореялык аскерлер фронтто эки жумадан бери байкала электигин айтып беришти.
Украиналык расмий адамдардын бири Түндүк Кореядан келген аскерлер Орусиянын бөлүктөрү менен координация боло албай, жакшы уюшулбагандыктан көп жоготууларга учурады деген пикири менен бөлүштү.
Ал эми америкалык аткаминердин айтымында, түндүк кореялыктар майдандан убактылуу жылдырылган болушу мүмкүн. Алар көп жоготууларды алдын алуу үчүн кошумча даярдыктан өткөндөн кийин же аларды жайгаштыруунун жаңы ыкмалары табылгандан кийин кайра кайтарылышы ыктымал.
Батыш чалгын кызматтары Орусия согушка түндүк кореялык 10 миңге чукул аскерди тартканын кабарлап келишкен. Кийин расмий Киев жана Батыш, Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Кореянын аскерлеринин Курск облусундагы кармаштарга катышканы тууралуу маалыматты тастыктаган.
"Рёнхап" агенттиги Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме берип Орусиянын Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун жазган. Ал аймактын бир бөлүгүн украин аскерлери былтыр августта өз көзөмөлүнө алган.
Москва жана Пхеньян түндүк кореялыктардын согушка катышканын тастыктабаганы менен андай маалыматтарды четке каккан эмес.
Түндүк кореялык жүздөгөн аскер каза болгону айтылганы менен аны бышыктаган так статистика жок.
Январдын ортосунда украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр түндүк кореялык аскерлерди туткунга алганын айтып, Киев аларды Орусия туткунга алган украиналык аскерлерге айырбаштоого даяр экенин билдирген.
Шерине