Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Өзгөндө "жер мафиясына" байланыштуу эки киши кармалганы маалымдалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана дагы бир жаран “Жер мафиясын уюштурган” деп айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин 31-январда кабарлады.

Маалыматта буга чейин ушул эле иш боюнча бул айыл аймактын мурдагы башчысы жана эки киши кармалганы жазылган.

“2019-2021-жылдары аталган адамдар алдын ала макулдашып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкесине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен Өзгөн районундагы 22 гектар жер "айыл чарба багытындагы" категориядан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган”, - деп жазылган маалыматта.

УКМК жер участогун мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча буга чейин да бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө иш козгогон. Алсак, былтыр Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка жана Люксембург айыл аймактарындагы 11 гектар жер тилкесине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу фактысы аныкталып, үч киши кармалганын билдирген.

Былтыр 24-июлда Ош шаарындагы мурдагы муниципалдык жетекчилер кармалып, шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланган. Алар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаарындагы Туран кичи районунда сел агызуучу каналды мыйзамсыз менчиктештирип, жеке жактарга сатууга шектелип кармалган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG