Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Трамп Гуантанамо базасына 30 миңдей мигрантты жайгаштырууну тапшырды


АКШдан депортацияланган мигранттар. 25-январь, 2025-жыл.
АКШдан депортацияланган мигранттар. 25-январь, 2025-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 29-январда кол койгон меморандумга ылайык, Кубадагы Американын Гуантанамо аскер-деңиз базасы он миңдеген мигранттарды кабыл алууга даяр болуш керек.

Бул тууралуу CNN жана Reuters агенттиктери жазды. Тапшырмага караганда, "Америка эли үчүн коркунуч жараткан криминалдуу мигранттарды" камакка алуучу жайларды Пентагон жана АКШнын ички коопсуздук министрлиги камсыздашы зарыл.

"Элдин көбү керек болсо бул тууралуу билбейт. Кылмышкер-мигранттарды камоо үчүн Гуантанамодо 30 миңдей орун бар",- деди Трамп.

Гуантанамо базасы биринчи кезекте террорчулука шектелген чет элдиктер кармалган шарты катаал түрмө катары белгилүү. Укук коргоочулар бир нече жолу ал жактагы кыйноо фактылары тууралуу айтып чыгышкан. Президент Барак Обаманын бийлигинин учурунда бул түрмөнү жабуу аракеттери да болгон. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, учурда ал жакта 15тей киши отурат.

Ал базада буга чейин эле мигранттарды кармоочу жай бар болчу. Ал жерде деңиз аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган гаитиликтер жана кубалыктар кармалчу.

  • Дональд Трамп кызматка киришери менен АКШнын түштүк чек арасына өзгөчө кырдаал киргизилип, Мексиканын чек ара пункту аркылуу өтүүдө колдонулган CBP One тиркемеси жабылган.
  • АКШ Мексика менен чек арасына коопсуздукту камсыз кылуу максатында 1500дөй аскерин жайгаштырмай болгон.
  • Бул тиркеме аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган.
  • Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдей киши мыйзамсыз киргени айтылган.

Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG