Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:46

Израилдин төрт жараны Газадагы барымтадан бошотулду


Газа секторундагы палестин топторунун өкүлдөрү барымтада кармалып турган төрт израилдикти бошотуп, өткөрүп берди. Бүгүн 25-январда израилдик төрт аскер кызматкери Израилдин "Кциот" түрмөсүндө кармалып турган бир нече палестинге айырбашталды.

Бошотулган Карина Ариев, Даниэлла Гильбоа, Наама Леви жана Лири Альбаг Израил армиясында кызмат өтөп жаткан жеринен кармалган. Алар Газада 477 күн кармалып турушту.

Аларды эл аралык Кызыл чырым комитетине өткөрүү иш-чарасы Газа шаарынын борбордук аянтында өттү. Ал жерде АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС жана "Ислам жихады" топторунун өкүлдөрү да барышты.

Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга ылайык, туткунга түшкөн бир аскер кызматкери үчүн Израил соттолгон 50 палестиналыкты, катардагы бир жаран үчүн 30 палестиналыкты бошотушу керек.

19-январда ХАМАС алгачкы үч туткунду бошоткон. Израил буга жооп катары 90 палестиналыкты коё берген. Алардын көпчүлүгү Иордан дарыясынын батыш жээгине жөнөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG