Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды. Тийиштүү мыйзамга мамелкет башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматта мыйзам Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы жазылган.
Кыргызстан БУУга көз карандысыз мамлекет катары уюмдун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 1992-жылдын 2-мартында кирген.
Жапаров былтыр 2-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген аталыш берилгендиги туурасында сертификат тапшырган. Президент БУУнун кызматкерлеринин айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгилеген.
Гутерриш былтыр 1-июлда Кыргызстанга келген. Ал Борбор Азия сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштап, Кыргызстандан кийин Казакстанга учуп кеткен.
2023-жылы президент Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы № 354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы берилген.
2011-жылы Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы мөңгүгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин аты берилгени коомчулукта талкуу жараткан.(КЕ)
Шерине