Кыргызстанда Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө (4-февраль) карата онкологиялык оорулар тууралуу калкка маалымат жеткирүү жумалыгы өтөт. Жумалык 1-февралда башталып, 7-февралга чейин уланат. Бул тууралуу 30-январда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Калкка маалымат жеткирүү иш-чарасы жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын алдын алуу жана ал тууралуу маалым болууну жакшыртуу максатында уюштурулууда. Рактын бул эки түрү аялдар арасында эң кеңири таралган, бирок өз убагында алдын алса дарылоого мүмкүн болгон оорулардын катарына кирет.
Маалымдоо жумалыгынын алкагында 4-7-февраль күндөрү саламаттыкты сактоо уюмдарында жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча "ачык эшик" күнү өтүп, кыз-келиндер бекер текшерүүдөн өтө алышат.
Скрининг жана консультациялар Бишкектеги айрым Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалал-Абад шаарындагы Репродукция борборунда өтөт.
Дарыгерлер ооруну алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп, 40 жашка чейинки аялдарды жылына 1-2 жолу сүт бездерин текшертип турууга чакырат. 40 жаштан кийин маммографиядан өтүшү керек. Ошондой эле 30 жашка чейин жылына бир жолу, 35 жаштан кийин жылына эки жолу гинекологго көрүнүп турууну сунушташат.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен 600 аял аныкталса, анын 300ү каза табарын маалымдаган.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкология илдеттери аныкталат. Эркектер арасында ашказандын, ал эми аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залал шишигине чалдыккандар басымдуу. (КЕ)
Шерине