Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний уюмдарды каттоо үчүн арыз кабыл алууну убактылуу токтотту
Мекеменин басма сөз кызматы 2025-жылдын 1-февралынан тартып “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам күчүнө кирерин белгилеп, муну диний уюмдар боюнча маалымат базасын жаңыртуу иш-чаралары өткөрүлөрү менен түшүндүрдү. Жапаров 21-январда "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ал мыйзам долбоорун талкуулоодо дин мыйзамында негизги карама-каршылык дааватчылардын үймө-үй кыдыруу маселесинде болгонун Фейсбук баракчасына жазган эрежелерди так жазууну муфтият менен Аалымдар кеңешине тапшырган. Садыр Жапаров ислам дини Кыргызстанда эле 33 агымга бөлүнгөнүн айтып, алардын айрымдарына сот тыюу салганына карабай ишмердигин улантып жатканын белгилеген.
Башкы прокуратура блогер Жолболдуеванын абакта кармалып турганда "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсүнө жооп берди
Башкы прокуратура текшерүү жүргөнүн, анын жыйынтыгында Жолболдуева менен ал "зордуктады" деп айткан Н.С. аттуу жаран бир учурда бир жабык жайда кармалбаганы аныкталганын билдирди. Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ошол эле жылы 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №53 түзөтүү мекемесине которулган. Ал эми Н.С. аттуу жаран Кадамжай райондук милициясынын абагында кармалып, кийин Ош шаарындагы №25 мекемеге которулган. Башкы прокуратура мындан сырткары Жолболдуева колун кесүүгө “ага коюлган айыпка макул эместиги” себеп болгонун 2022-жылы апрелде жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки аракеттер учурунда билдиргенин маалымдады. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги Баткен райондук милициясынын жетекчилигинен баштап нөөмөтчү кызматкерге чейин, жалпы 19 кызматкер ар түрдүү тартиптик жазаларга тартылганы белгиленген.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун 29-январда жарыялаган иликтөөсү боюнча комментарий берди
Темировдун Ютуб каналына чыккан материалда президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берген үйү “анын мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун баласына өткөнү” айтылат. “Чынында эле Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү 28 миллион сомго саткан. Алгач бул таза иштей көрүнгөн. Бирок бизде дароо күмөндүү ойлор пайда болду. Шектенгенибиз бекеринен эмес экен. Көрсө, үй президенттин жакын адамдарынын бири болуп эсептелген досу Арзыбек Буркановдун колуна тийген”, - деп баяндайт Темиров. Туманбаев иликтөө боюнча 30-январда Фейсбук баракчасына билдирүү таратып, анда айтылган маалыматтарды четке какты. Мамлекет башчынын МИКке өткөрүлгөн мурдагы үйү ачык аукцион аркылуу сатылганын, андан түшкөн каражат жарандарга берилген көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жумшалганын түшүндүрдү.
Балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин саны көбөйтүлдү
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы 550 штаттык бирдик киргизилди жана ал кызматкерлер турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштейт. “Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат, ошондой эле алардын алдын алуунун үстүндө иштешет”, - деп жазылган президенттин администрациясынын билдирүүсүндө. 1-февралынан тартып региондордо иштеп, колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мекеменин шаардык, райондук жана район аралык башкармалыктарында 892 социалдык кызматкер эмгектенет.
Өзбекстандын абактарында 42 кыргыз жараны, Кыргызстанда соттолгон 90 өзбек жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат
Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге байланыштуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Соттолгондорду өткөрүп алуу жана берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы аркылуу ишке ашат. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева былтыр чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын ичинен 129у которулганын, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келингенин 14-январда парламентте комитет жыйынында айткан. Маалыматка караганда, Орусиядан 117, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 киши Кыргызстанга которулду. Соттолгондордун 700дөйү которулуудан өздөрү баш тарткан.
Вашингтондо кырсыктаган жүргүнчү учакта орусиялык спортчулар да болгону кабарланды
30-январга караган түнү Вашингтондун Рейган аэропортуна учуп бараткан Bombardier CRJ700 жүргүнчү учагы аскердик тик учак менен кагышты. American Airlines компаниясынын учагында 64 адам баратканы, ал эми Sikorsky UH-60 Black Hawk тик учагында үч аскер кызматкери болгону ырасталды. Вашингтондо кырсыктаган учакта муз үстүндөгү көркөм бий боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону кабарланды. Кырсыкка кабылган учакта АКШда машыктыруучу болуп иштеп жүргөн советтик фигурист Инна Волянская да бардыгы кабарланды. АКШнын көркөм муз тебүү федерациясы кыйраган бортто фигуристтер, алардын ата-энелери жана машыктыруучулар баратканын, алар спорттук лагерден кайтканын ырастады. 20-26-январда Уичито шаарында көркөм муз тебүү боюнча АКШнын биринчилиги өткөн. Кыйраган учактагы жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү расмий жарыялана элек. Соңку маалымат боюнча 30 кишинин сөөгү табылды.
ХАМАС сегиз туткунду бошотту, Израил түрмөдөгү палестиндерди кое бере элек
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) 30-январда Кызыл Чырым уюмуна үч израилдик туткунду жана Тайланддын беш жаранын өткөрүп берди. ЦАХАЛ алар Израил тарапка өткөнүн ырастады. Ушул эле күнү бир нече саат мурда согушкерлер барымтадагы израилдик 20 жаштагы аскер Агам Бергерди бошоткон. Бул үчүн Израил өз түрмөлөрүндөгү 110 палестинди кое бермек. Алардын отузу өмүр бою эркинен ажыратылгандар. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху хамасчылар туткундарды Кызыл Чырымга кандай жагдайда өткөрүп бергени аны таң калтырганын айтты. Ал кийинки туткундарды коопсуз шартта бошотуу боюнча кепилдик берилмейинче, палестиндер бошотулбастыгын билдирди. ХАМАС ок атышууну токтотуу боюнча ортомчуларды кырдаалга кийлигишүүгө чакырды.
Трамп Гуантанамо базасына 30 миңдей мигрантты жайгаштырууну тапшырды
CNN жана Reuters агенттиктери тапшырмага ылайык, "Америка эли үчүн коркунуч жараткан криминалдуу мигранттарды" камакка алуучу жайларды Пентагон жана АКШнын ички коопсуздук министрлиги камсыздашы зарыл экенин жазышты. "Элдин көбү керек болсо бул тууралуу билбейт. Кылмышкер-мигранттарды камоо үчүн Гуантанамодо 30 миңдей орун бар",- деди Трамп. Гуантанамо базасы биринчи кезекте террорчулука шектелген чет элдиктер кармалган шарты катаал түрмө катары белгилүү. Укук коргоочулар бир нече жолу ал жактагы кыйноо фактылары тууралуу айтып чыгышкан. Президент Барак Обаманын бийлигинин учурунда бул түрмөнү жабуу аракеттери да болгон. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, учурда ал жакта 15тей киши отурат. Ал базада буга чейин эле мигранттарды кармоочу жай бар болчу.
Ахмед аш-Шараа Сириянын жаңы президенти деп жарыяланды
Сириядагы Башар Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун (АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) лидери Ахмед аль-Шараа Сириянын жаңы президенти катары жарыяланды. Ал "өткөөл өкмөт иштеп турган маалда" мамлекетти жетектеп турат. Буга чейин Абу Мохаммед аль-Жулани деген лакап атты колдонуп келген Шараа өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынгыча убактылуу мыйзам чыгаруучу кеңеш түзөрү маалым болду. Аль-Шараа "өткөөл маалдан" кийин шайлоонун негизинде Сириянын расмий өкмөтү түзүлөрүн билдирди. Бирок ал канчага созуларын тактаган жок. Жаңы президент 42 жашта.
Шерине