Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Президент Жапаров Кемин-Сити шаарын куруу боюнча жарлыкка кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районунда Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Документте долбоор Кыргызстандын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу программасынын алкагында ишке ашары жазылган.

Кемин-Сити шаары Кичи-Кемин айыл аймагына курулуп, 353,3 га аянтты түзөт.

Шаар куруудагы инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөөлөрдү аткаруу боюнча долбоор алдындагы иштерди жүргүзүү, шаардын башкы планын иштеп чыгуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырылат.

Кемин-Ситинин аймагында ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен бирге ишке ашырылат.

Ал эми Энергетика министрлигине Финансы министрлиги, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен биргеликте шаарды энергия менен камсыз кылуу үчүн каражат табуу жана тышкы электр тармактарынын курулушун камсыздоо тапшырмасы берилди.

Жарлыкта белгиленгендей, Министрлер кабинети шаарды куруунун концепциясын 2025-жылдын 1-июнуна чейин иштеп чыгып, бекитиши керек. Мындан сырткары Кемин-Ситини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол коюу дагы өкмөткө жүктөлдү.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылдын мартында жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда шаардын курулушуна старт берген. Капсула салуу аземинен кийин аз убакыт өтүп-өтпөй андагы курулуштар кайра токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG