Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекет кайра ачылды


"Навои" өткөрмө пункту.
"Навои" өткөрмө пункту.

27-январда эки жылдык тыныгуудан кийин Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы "Навои" көзөмөл-өткөрүү бекети кайрадан ачылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Бекет Өзбекстандын Ташкент облусунда жайгашкан.

Өзбекстан "Навои" көзөмөл-өткөрмө бекетин, ал эми казак тарап "Капланбек" бекетин ачты. Эки бекетте тең модернизациялоо жана техникалык жаңылоо иштери жүргүзүлгөнү, эми анын иши мурункудан натыйжалуу болору кабарланды.

Казакстандын Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматы боюнча, жаңыланган бекеттен күн сайын 20 миң адам жана 800 унаага чейин өтүп турары болжомолдонуп жатат. Бул мурунку көрсөткүчтөн 4-5 эсеге жогору.

Бекетти кайра ишке киргизүү иштеринен улам 27-январдан 5-февралга чейин жеке адамдардын, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын жана автобустардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. 5-февралдан тарта өткөрүү пункту толугу менен иштей турганы айтылды.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууга ылайык өткөрүү бекеттери аркылуу кийинчерээк жүк ташуучу унаалар өткөрүлөрү пландалууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG