Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Шайлоо күнү чет өлкөлөрдө акцияга катышкан беларустарга кылмыш иши козголду


26-январда Варшавада өткөн нааразылык акциясы.
26-январда Варшавада өткөн нааразылык акциясы.

Беларустун Тергөө комитети шайлоо күнү чет өлкөлөрдө өткөн нааразылык акцияларынын 365 катышуучусун аныктап, кылмыш ишин козгой турганын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Telegram каналында жарыяланды.

"Ар кайсы шаарлардагы жыйындарга катышкан 365 адам аныкталды: Вроцлав - 11, Варшава - 203, Белосток - 18, Вильнюс - 29, Нью-Йорк - 39, Прага - 11 жана башкалар", - деди Тергөө комитетинин өкүлү Сергей Кабакович.

Ошондой эле Кабакович «Иликтөөнүн алкагында аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынганын» кошумчалады.

Беларустун Тергөө комитети чет өлкөлөрдөгү акциялардын максаты “эл аралык коомчулукта Беларус Республикасын дискредитациялоо, шайлоо процессине кийлигишүү жана шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратуу” деп эсептейт. Мекеме акцияга катышкандардын Беларустагы өзүнүн же жакынына катталган мүлкү бар-жогу иликтенип жатканын билдирди.

Беларус бийлиги 26-январда президенттик шайлоодо өлкөнү узак жылдар бою башкарып келген Александр Лукашенко утканын билдирген. Европарламент Беларустагы президенттик шайлоону “жасалма” деп сындаган. Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган. Укук коргоочулардын пикиринде, Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".

26-январда Лукашенконун каршылаштары жана куугунтуктан улам чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон эмигранттар, беларус диаспорасы Европанын Варшава, Вильнюс өңдүү шаарларында шайлоого каршы акцияларды өткөрүштү. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG