Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Адепсиздикти, криминалдык идеологияны жайылткан тамгалар айкашы автоунаа каттоодо берилбейт


Сатылган номурлар. Иллюстрациялык сүрөт.
Сатылган номурлар. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунааны каттоодо адепсиз, уят жана криминалдык идеологияны жайылткан тамгалардын айкалышы берилбей турганын эскертти.

Маалыматта төмөнкүдөй тамгалардын айкалыштарын берүүгө тыюу салынган:

  • мамлекеттик органдардын аббревиатураларын көрсөткөн тамгалар: MVD, MBD, MWD, MID, AKS, AKC, GNS, GTS, IIM, OBD, OVD, UBD, OWD, UVD, UWD;
  • мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларын көрсөткөн тамгалар: OON, OOH;
  • интеллектуалдык менчик объектиси болуп саналган товардык белгилердин же фирмалык аталыштардын аббревиатураларын көрсөткөн тамгалар;
  • чек арага жакын жайгашкан өлкөлөрдүн аббревиатураларына ээ болгон айкалыштарды көрсөткөн тамгалар: TJK, UZB, KHP, KAZ;
  • адепсиз, уят же эки мааниге ээ болгон айкалыштарды көрсөткөн тамгалар;
  • криминалдык идеологияны үгүттөгөн айкалыштарды көрсөткөн тамгалар.


Мындай номурларды алып салуу укугу агенттикке берилген эмес. Унаанын ээси аны мекеменин балансына өткөрүп берсе болот. Мамлекеттик номурду сатып алган каражаттар толугу менен унаанын ээсине кайтарылат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындай унааны токтотуп калышса, транспорт каражаты мамлекеттик номурду алмаштыруу жана айып төлөтүү үчүн кармалат.

Кыргызстанда энчилүү же башкача айтканда кооз номурлар 100 миң сомдон түз сатылат. Автоунаанын мамлекеттик номурун сатуу 2016-жылдан тартып ишке кирген. Ага чейин машинелердин номурун жеке менчик ишкана сатып келген.

2016-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номур бериле баштаган. Ал үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09га чейинки сан менен көрсөтүлөт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG