Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

"Өзбекстан аба жолдору" Европага Орусия менен Беларусту айланып уча баштады


"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы учагы.
"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы учагы.

Өзбекстандын улуттук Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Европага бардык каттамдарын коопсуздук маселесинен улам мурункудай Орусия жана Беларус эмес, Азербайжан жана Түркия аркылуу аткара баштады. Бул тууралуу авиакомпаниянын 33 жылдыгына арналган маалымат жыйынында сөз болгонун 28-январда "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Жергиликтүү Телеграм-каналдардын маалыматына караганда, авиакомпаниянын каттамдарынын учуу багыты 20-январдан тартып өзгөрдү.

Мындай чечим Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы кабылган кырсыкка байланыштуу болушу канчалык ыктымал экени тууралуу суроого компаниянын басма сөз кызматы "Бул жөн гана сактык чаралары жана кандайдыр бир деңгээлде маршруттарды оптималдаштыруу" деп жооп берди.

Январь айынын башында өзбекстандык Qanot Sharq авиакомпаниясы да "эксплуатациялык маселеге байланыштуу" деп бир катар каттамын, анын ичинде Орусияга учууну убактылуу токтотконун жарыялаган. Аталган авиакомпания Ташкент, Самарканд, Фергана, Бухара шаарларынан Москвага (Домодедово аэропорту), Санкт-Петербургга жана Нижний Новгородго каттамдарын убактылуу токтоткон.

Былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган азербайжандык учак Чеченстандын башкалаасына коно албай, Каспий деңизинин аркы жээгиндеги Казакстандын Актаусуна баратып шаардын жанына кулаганда кыркка жакын кишинин өмүрү кыйылган. Учактын кулашына Орусиянын абадан коргонуу системасы себеп болушу ыктымалдыгы айтылган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын, каргаша үчүн жоопкерчилик "Орусия Федерациясынын өкүлдөрүнө жүктөлөрүн" билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өз жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Орус президенти Владимир Путин окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар азербайжандык лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, ошондуктан ошол учурда абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы, арасында кыргызстандык үч жаран жаракат алган.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин ачкан. Кырсыктын чоо-жайын Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG